Украинада орус армиясынын жоготуулары

Башкы штабдын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, орус армиясынын 24-февраль- 29-июнь аралыгындагы жоготуулары тууралуу маалыматтар орун алды.

1849720
Украинада орус армиясынын жоготуулары

Украинанын Башкы штабы орус армиясынын акыркы суткада 200, согуш башталган 24-февралдан бери 35 миң 450 аскерин жоготкондугун кабарланды.

Башкы штабдын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, орус армиясынын 24-февраль- 29-июнь аралыгындагы жоготуулары тууралуу маалыматтар орун алды.

Билдирүүдө орус армиясынын акыркы бир күндө 200 аскер, 4 учкучсуз учуучу аппарат, 5 танк, 3 замбирек, 3 ракета аткыч, 16 брондолгон унаа, 3 канаттуу ракета жана 1 абадан коргонуу системасынан ажыраганы белгиленди.

Согуш башталгандан бери болсо орус армиясынын 35 миң 450 аскери, 217 учак, 185 тик учак, 1572 танк, 3 миң 720 бронетехника, 781 замбирек, 246 ракета аткыч жана 103 абадан коргонуу системасы жок кылынгандыгы айтылган билдирүүдө, орус күчтөрүнүн 2 миң 598 унаа, 14 кеме жана 640 учкучсуз учуучу аппаратын да жоготкондугу кабарланды.

Орусиялыктар тарабынан учурулган 142 канаттуу ракетанын да Украинанын абадан коргонуу бөлүктөрү тарабынан атып түшүрүлүп жок кылынгандыгы маалымдалды.

Билдирүүдө ошондой эле Лисичанск багытында катуу кагылышуулардын уланганы, орус аскерлеринин Бахмут багытында эң көп жоготууга учураганы белгиленип, орус армиясынын Харьков багытында колго алган аймактарды көзөмөлгө алууга аракет кылганы айтылды.

Орусиянын Коргоо министрлигинин 25-марттагы билдирүүсүндө Украинада 1351 орус аскеринин каза болгондугу белгиленген.



Тектеш кабарлар