Түштүк Корея өзү иштеп чыккан Ковид-19  вакцинасын колдонууга уруксат берди

SK Bioscience фармацевтикалык компаниясы тарабынан иштелип чыккан "SKYCovione" деп аталган Ковид-19 вакцинасынын инфекцияларга каршы иммунитетти түзүүдө AstraZenecaга караганда эффективдүү экени маалымдалды.

1849788
Түштүк Корея өзү иштеп чыккан Ковид-19  вакцинасын колдонууга уруксат берди

Түштүк Корея өзү иштеп чыккан коронавирус (Ковид-19)  вакцинасын колдонууга уруксат берди.

Азык-түлүк жана дары-дармек коопсуздугу министрлигинин билдирүүдө, SK Bioscience фармацевтикалык компаниясы тарабынан иштелип чыккан "SKYCovione" деп аталган Ковид-19 вакцинасынын инфекцияларга каршы иммунитетти түзүүдө AstraZenecaга караганда эффективдүү экени маалымдалды.

Азык-түлүк жана дары-дармек коопсуздугу министри Ох Ю-кён, вакцинанын 18 жаштан жогоркулар үчүн колдонулушуна уруксат берилгенин белгилеп, өлкөсүнүн вакцинаны иштеп чыгуу технологиясын тастыктаганын айтты.

Вакцинанын 3 клиникалык этаптан ийгиликтүү өткөнүн билдирген Ю-кён, вакциналардын башка өлкөлөргө берилиши үчүн Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун уруксаты күтүлүп жатканын кабарлады.

Өлкөдө акыркы 24 саатта 10 миң 437 Ковид-19 учуру аныкталды, вирустан 7 адамдын каза болушу менен жалпы каза болгондордун саны 24 миң 537ге жетти.



Тектеш кабарлар