Швеция Түркия менен жакын диалог курат

Андерссон Испаниянын борбор шаары Мадридде Түркия, Швеция жана Финляндия кол койгон үчтүк меморандумдан кийин бүгүн эртең менен Финляндиянын мамлекеттик телеканалы YLEге билдирүү жасады.

1849601
Швеция Түркия менен жакын диалог курат

Швециянын премьер-министри Магдалена Андерссон кылмышкерлерди өткөрүп берүү темасында Түркия менен жакын диалог кура тургандарын айтты.

Андерссон Испаниянын борбор шаары Мадридде Түркия, Швеция жана Финляндия кол койгон үчтүк меморандумдан кийин бүгүн эртең менен Финляндиянын мамлекеттик телеканалы YLEге билдирүү жасады.

Андерссон: «Кылмышкерлерди өткөрүп берүү темасында Түркия менен жакын диалог курабыз. Терроризм менен кантип күрөшүп жатканыбызды эл аралык мыйзамдын алкагында сүйлөшүп түшүндүрөбүз»,-деди.

Процессти иштиктүү деп эсептеген Андерссон «Бул процессте ким көбүрөөк үстөмдүк кылды?» деген суроого болсо жооп берүүнү каалабады.

Ал арада жикчил террордук уюм ЙПГ/ПККнын жактоочусу көз карандысыз депутат Амина Какабавех, Түркия менен үч тараптуу меморандумга кол коюлганына байланыштуу «алар үчүн караңгы күн болгонун» белгилеп, Швециянын тышкы иштер министри Анн Линде тууралуу ишеним көрсөтпөө боюнча иш-аракеттерди баштай турганын билдирди.

TV4 телеканалына билдирүү жасаган Какабавех Линдеге ишеним көрсөтпөө сунушун кабыл алуу үчүн парламентте 35 депутаттын кол тамгасынын талап кылынарын жана бул багытта иш алып бара турган 35 депутаттын да парламентте экенин айтты.



Тектеш кабарлар