НАТОнун чыгыш канатындагы аскерлердин саны 10 миңге жакындады

НАТО, чыгыш канатындагы аскерлердин саны тууралуу маалымат бөлүштү.

1849340
НАТОнун чыгыш канатындагы аскерлердин саны 10 миңге жакындады

Орусиянын Украинага чабуулунан кийин НАТОнун чыгыш канатындагы согуштук бөлүктөрдөгү жоокерлердин саны эки эсеге көбөйүп дээрлик 10 миңге жетти.

НАТО, чыгыш канатындагы аскерлердин саны тууралуу маалымат бөлүштү.

Буга ылайык, көп улуттуу согуштук топтордун курамында 9641 жоокер бар, алардын саны 24-февралда Орусия Украинага чабуул койгондон кийин 4төн 8ге көбөйгөн. Бул сан мурда 4000дин тегерегинде болчу.

Чыгыш канаттагы согуштук топтор чабуулга чейин Балтика өлкөлөрүндө, Латвияда, Литвада, Эстонияда жана Польшада жайгашкан. Кол салуудан кийин согуштук топтор Болгария, Венгрия, Румыния жана Словакияга да жайгаштырылды.

Согушка даяр турган көп улуттуу аскерлерге НАТОнун 25 өлкөсү салым кошууда. Эң көп аскер жиберген Германиянын 1315 аскери Литва менен Словакияда бар.

Андан кийин Америка Кошмо Штаттарынын Польша, Болгария, Венгрия жана Румынияда 1165 аскери, Британиянын болсо Эстония жана Польшадагы бөлүктөрдө 1122 аскери кызмат өтөөдө.



Тектеш кабарлар