Лавров Зеленскийдин ордуна АКШнын чечкенин айтты

Лавров Түркмөнстандын борбор шаары Ашхабадга барганда журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1849538
Лавров Зеленскийдин ордуна АКШнын чечкенин айтты

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин ордуна чечим чыгарып жатканын билдирди.

Лавров Каспий деңизи аймагындагы өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйыны үчүн Түркмөнстандын борбор шаары Ашхабадга барганда журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Батыш лидерлеринин «Украинада Орусиянын шарттарында тынчтык орнобошу керек» деген билдирүүлөрдү жасаганын белгилеген Лавров, Батыш өлкөлөрүнүн Украинага курал жөнөтүүнү улантып жатканын айтты.

Батыштын бул багыттагы кадамынын «натыйжасыз» жана «зыяндуу» экенин баса белгилеген Лавров: «Батыш өлкөлөрү Украинага канчалык көп курал-жарак жөнөтсө, бул кагылышуу жана колдоого алынган нацисттик режимдин күрөшү ошончолук узакка созулат»,- деди.

Лавров: «Зеленский НАТОнун колдоосуна үмүттөнөбү?» деген суроого: «Зеленский эмнени ойлоп, эмнеге үмүттөнөрү маанилүү эмес. Чечимдерди ал эмес. Чечимдер Вашингтондо кабыл алынууда. Бул чечимдер президенттик деңгээлде да кабыл алынбайт. Бул чечимдерди Мамлекеттик департаменттин кызматкерлери кабыл алууда»,-деп сереп салды.

Лавров Зеленскийдин Индонезияда өтө турган G20 саммитине катышуу мүмкүнчүлүгүнө баа берип жатып: «Зеленскийсиз мындан ары эч кандай жолугушуулар өткөрүлбөйт. Украина жетекчилиги бул маселелерде өжөрлүү. Зеленскийдин Балидеги саммитте бир бурчта отуруп же отурбай турганы бизди кызыктырбайт»,-деди.



Тектеш кабарлар