АКШнын Калифорния штатындагы токой өрттөрү

Өрт кыска убакыттын ичинде 202 гектардан ашуун аянтка жайылды.

1849573
АКШнын Калифорния штатындагы токой өрттөрү

АКШнын  түндүгүндө Калифорния штатындагы токой өрттөрүнөн улам жүздөгөн үйлөр жана имараттар коркунуч алдында турат.

Жетекчилердин айтымында, Невада аймагындагы Юба дарыясынын жанында кечээ түштөн кийин башталган  өрт кыска убакыттын ичинде 202 гектардан ашуун аянтка жайылды.

Өрттөнгөн бир  имараттан жайылгандыгы айтылган өрт Сьерра-Невада тоо кыркаларынын айыл аймактарын жана Невада чек арасына жакын аймактарды каптады.

Электр зымдарын, суу бөлүштүрүүчү системаларын жана мамлекеттик паркка коркунуч жараткан өрттүн кесепетинен 350дөй үй жана башка имараттар эвакуацияланууга буйрук берилди.

Өрттүн абанын температурасы жогорулаган Түндүк Калифорниядагы бир канча  өрттүн бири экендиги билдирилди. 

Өрткө кургактыктан жана абадан кийлигишүү болууда. 

 


 

 



Тектеш кабарлар