Украинада 3 күндүк аза күтүү жарыяланды

Кременчук губенатору Виталий Малеский да шаарда 3 күндүк аза күтүү жарыялангандыгын билдирди.

1849311
Украинада 3 күндүк аза күтүү жарыяланды

Украинанын Кременчук шаарындагы «Амстор» соода борборуна кечээ орус аскерлеринин ракеталык кол салуусунда каза болгондор үчүн 3 күндүк аза күтүү жарыяланды.

Полтава аймактык аскер башкармалыгынын башчысы Дмитрий Лунин Telegram каналынан билдирүү жасап, Кременчук шаарындагы «Амстор» соода борборуна абадан кол салууда каза болгондордун саны 18ге жетип, 36 кишинин дайынсыз жоголгондугун билдирди.  

Лунин издөө  - куткаруу иштеринин улантылып жаткандыгын маалымдады.

Кременчук губенатору Виталий Малеский да шаарда 3 күндүк аза күтүү жарыялангандыгын билдирди.

Малеский : «Бүгүн Украинада Конституция күнү, бирок Кременчукта желектер жарым ылдый түшүрүлдү. Бул шаардын тарыхындагы эң чоң трагедия. Кременчуктун эли карапайым калкка кол салгандарды жоопко тартууну талап кылууда»,- деди.

Украинанын ички иштер министри Денис Монастырский өткөргөн пресс  - жыйында Кременчук шаарындагы соода борборуна кол салган орус учкучтардын ысымдарын аныкташкандарын айтып буларды белгиледи : «Украина коопсуздук кызматы жана Улуттук полиция эксперттери бул кол салууну  Россиянын кайсы авиациялык полку жасаганын аныкташты. Ту-22 учагы менен учкан жана атууларды аткарган учкучтардын ысымдары белгилүү болду».

Николаев облустук аскер башкармалыгынын башчысы Виталий Ким да орус аскерлеринин түн ичинде Николаев жана Очаков шаарларына жасаган абадан кол салуусунда бир баланын каза болуп, 4 кишинин жаракат алганын билдирди.

Ким шаарга жасалган 11 ракеталык кол салуунун жарымынын Украина абадан коргонуу системалары тарабынан майтарылгандыгын айтты.



Тектеш кабарлар