Дан экспорту боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатат

Дюжаррик күнүмдүк пресс-брифингинде, Украинага дем алыш күндөрү жана кечээки аба соккуларынын абдан тынчсыздандыруучу экенин белгиледи.

1849135
Дан экспорту боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатат

БУУнун баш катчысы Стефан Дюжаррик, Украинада күчөгөн кагылышуулардын Кара деңиз аркылуу пландалган дан экспорту келишимине таасирин тийгизбейт деп үмүттөнгөнүн билдирди.

Дюжаррик күнүмдүк пресс-брифингинде, Украинага дем алыш күндөрү жана кечээки аба соккуларынын абдан тынчсыздандыруучу экенин белгиледи.

Кременчуктагы соода борборуна жасалган аба соккусун айыптаган Дюжаррик жаңжалдардын күчөшүнө жана жарандардын коопсуздугуна тынчсыздануусун билдирди.

Дюжаррик кол салууларга карабастан сүйлөшүүлөрдүн улана турганын, дан экспорту боюнча келишимдин түзүлөрүн ойлогондорун айтты.

Украинанын президенти Владимир Зеленский, орус аскерлеринин кечээ Полтава облусунун Кременчук шаарында 1000ден ашуун жайкын тургун бар соода борборуна кол салганын, кол салууда 16 киши каза таап, 59 кишинин жаракат алганын билдирген болчу.

Украина-Орусия согушунан улам пайда болгон глобалдык азык-түлүк кризисин чечүү үчүн Украина данынын Кара деңиз аркылуу экспортуна карата Түркиянын БУУ менен жүргүзгөн дипломатиясы улантууда.



Тектеш кабарлар