Америкада поезд кырсыгында 3 адам каза болду

Кырсык болгон учурда поезде 243 жүргүнчү жана 12 поезд кызматкери болгон.

1849154
Америкада поезд кырсыгында 3 адам каза болду

 

АКШнын  Миссури штатында болгон поезд кырсыгында 3 киши каза болуп, 40тан ашуун киши жаракат алды.   Миссури губернатору  Майк Парсон штатта "Amtrak" компаниясына таандык поездин рельстен чыгып кеткендигин билдирди.

"Amtrak" компаниясы тарабынан берилген жазуу түрүндөгү билдирүүдө : «Миссуриде самосвал менен кагышкан "Amtrak" поездинин бир нече вагону рельстен чыкты жана жүргүнчүлөрдүн жаракат алышына себеп болду",- деп билдирилди. Поездеги   243 жүргүнчүдөн үчөөсүнүн каза болгондугу, 40тан ашуун кишинин жаракат алгандыгы белгиленди. 



Тектеш кабарлар