АКШда кароосуз калган жүк ташуучу унаада каза болгондордун саны 50гө жетти

Мексиканын президенти Андрес Мануэль Лопес Обрадор мигранттардын 22синин Мексиканын жараны, 7си Гватемаладан жана 2си Гондурастан экендигин билдирди.

1849354
АКШда кароосуз калган жүк ташуучу унаада каза болгондордун саны 50гө жетти

Америка Кошмо Штаттарынын  Сан-Антонио шаарында кароосуз калган жүк ташуучу унаада каза болгон мигранттардын саны 50гө жетти.

Унаадан табылган 16 адам, анын ичинен 4 бала ооруканага жеткирилди.

Жүк ташуучу унаадагы мигранттардын АКШга мыйзамсыз өтүүгө аракет кылганы айтылды.  

Мексиканын президенти Андрес Мануэль Лопес Обрадор мигранттардын 22синин Мексиканын жараны, 7си Гватемаладан жана 2си Гондурастан экендигин билдирди.

Калган 19 адамдын өздүгү азырынча билдириле элек.

Сан-Антонио полициясынын башчысы Уильям Макманус кароосуз калган жүк ташуучу унаага байланыштуу үч адамдын кармалганын билдирди. Кармалгандар тууралуу азырынча маалымат бериле элек.



Тектеш кабарлар