Жикчил террордук уюм ЙПГ/ПКК Жераблуска кол салды

Ракеталардын жарандар жашаган конуштарга тийүүсүнүн натыйжасында биринчи аныктамалар боюнча аймакта 3 жаран жараланды жана материалдык чыгым болду.

1848621
Жикчил террордук уюм ЙПГ/ПКК Жераблуска кол салды

Сириянын Манбиж районунда жикчил террордук уюм ЙПГ/ПККнын «Евфрат калканы» операциясы менен террордон тазаланган Жараблус районун «Град» ракеталары менен бутага алышынын натыйжасында 3 жаран жараланды.

ЙПГ/ПКК террористтери Түркия менен Орусиянын ортосунда 2019-жылдын 22-октябрында жетишилген келишимге ылайык эвакуацияланышы керек болгон Манбиж районунан Жараблус районунун түштүгүндөгү Арап Хасан, Мегайыр жана Булдуг айылдарына Град ракеталык соккусу менен кол салышты.

Ракеталардын жарандар жашаган конуштарга тийүүсүнүн натыйжасында биринчи аныктамалар боюнча аймакта 3 жаран жараланды жана материалдык чыгым болду.  

Жабыркагандардын саны көбөйөт деп кооптонууда.

Тель-Рыфат жана Манбиж аймактарында баскынчылыгын уланткан террордук уюм ЙПГ/ПКК Баб, Азез, Жараблус жана Африн аймактарын бутага алуу менен тез-тез террордук кыймылдарды уюштуруп келет.



Тектеш кабарлар