Орусиядан Канаданын жарандарына санкциялар
Тизмеге кээ бир министрлик жана премьер-министрликтин жетекчилери, бийликтеги Либералдык партиянын өкүлдөрү, ошондой эле федералдык жана аймактык аткаминерлер, мектеп жана университет кызматкерлери, саясий адистер кирди.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги канадалык 43 жаранга, анын ичинде саясий кызматкерлерге өлкөгө кирүүгө тыюу салынганын билдирди.
Министрликтин жазуу түрүндөгү жарыясында, Канаданын май айында орус фирмаларынын жогорку даражалуу жетекчилерине жана үй-бүлө мүчөлөрүнө санкция салуу чечимин чыгарганы эске салынды.
Буга жооп катары 43 канадалыктын Орусияга кирүүсүнө “түбөлүккө” тыюу салынганы белгиленген билдирүүдө, алардын ысымдары орун алган тизме жарыяланды.
Тизмеге кээ бир министрлик жана премьер-министрликтин жетекчилери, бийликтеги Либералдык партиянын өкүлдөрү, ошондой эле федералдык жана аймактык аткаминерлер, мектеп жана университет кызматкерлери, саясий адистер кирди.
Орусия 21-апрелде вице-президент Камала Харрис менен Meta компаниясынын башкы директору Марк Цукерберг да арасында болгон 29 америкалык жана 61 канадалыкка өлкөгө кирүүгө тыюу салган.
Тектеш кабарлар

Украинадан Ливан үчүн жолго чыккан биринчи кеме Сирияда
Украина данын ташыган биринчи жүк кемеси "Разони" Сирияга барды.