G7 лидерлери Украинага убада беришти

АКШ , Германия, Англия, Канада, Франция, Италия жана Япониядан турган G7 өлкөлөрүнүн лидерлери Орусияга каршы согушта "Украинаны колдоо" боюнча биргелешкен билдирүү жарыялашты.

1848820
G7 лидерлери Украинага убада беришти

G7 өлкөлөрү Украинага «зарылчылыкка жараша» финансылык, гуманитардык, аскерий жана дипломатиялык колдоону убада кылып, Украинанын жанында болууну уланта тургандыктарын билдиришти.

АКШ, Германия, Англия, Канада, Франция, Италия жана Япониядан турган G7 өлкөлөрүнүн лидерлери Орусияга каршы согушта "Украинаны колдоо" боюнча биргелешкен билдирүү жарыялашты.

Орусиянын коргонуу өнөр жайы үчүн «негизги технологияларды» импорттоо мүмкүнчүлүгүн чектеп Москвага жаңы санкцияларды киргизүү убадасы берилген билдирүүдө, согуш аяктагандан кийин Украинанын коргонуусуна жардам берүү үчүн Украина менен иштешери айтылды.

Билдирүүдө: "Биз Украинага каржылык, гуманитардык, аскердик жана дипломатиялык колдоо көрсөтүүнү улантабыз жана зарыл болгон учурда бул өлкөнүн жанында болобуз»,-деген сөздөр камтылды.



Тектеш кабарлар