Пакистандын Индияга каршы чыгуусу...
Министрликтин билдирүүсүндө Индиянын медиасында Жаңы Делинин Жамму-Кашмирде Чоң жыйырмалыктын жыйындарын өткөрө турганы тууралуу кээ бир кабарлар бар экени белгиленди.
Пакистандын Тышкы иштер министрлиги Индиянын 2023-жылы Чоң жыйырмалык (G20) жыйынын Жамму- Кашмирде өткөрүү пландарына каршы чыгып, муну кабыл албай тургандарын билдирди.
Министрликтин билдирүүсүндө Индиянын медиасында Жаңы Делинин Жамму-Кашмирде Чоң жыйырмалыктын жыйындарын өткөрө турганы тууралуу кээ бир кабарлар бар экени белгиленди.
Жамму-Кашмирдин эл аралык деңгээлде Исламабад менен Делинин ортосундагы талаштуу аймак катары аныкталганын эске салып, Индиянын мындай демилгесинин четке кагылганы белгиленди.
Аймактын 1947-жылдан бери «Индия тарабынан мажбур жана мыйзамсыз оккупациясында» болгону белгиленген билдирүүдө, Жамму-Кашмир талкуусунун 70 жылдан ашуун убакыттан бери Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин күн тартибинде турганы белгиленди.
Билдирүүдө Жамму-Кашмирдеги Чоң жыйырмалыктын жолугушууларынын пландаштырылышы эл аралык коомчулук эч кандай шартта кабыл ала албаган күлкүлүү абал катары сыпатталган.
NDTV каналындагы кабарда Жаңы Делинин 2023-жылы Жамму Кашмирде Чоң жыйырмалыктын жыйындарын өткөрүүнү пландаганы жана Индиянын Тышкы иштер министрлигинин аймактагы тиешелүү жетекчилерге керектүү даярдыктарды көрүүсү үчүн тапшырма бергени белгиленди.