Орусия: «Луганскта Северодонецкти өзүбүздүн көзөмөлүбүзгө алдык»
Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков Украинанын Луганск облусундагы Северодонецк шаарын өз көзөмөлүнө алышканын билдирди.

Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков Украинанын Чернигив, Житомир жана Львов облустарындагы аскердик машыгуу борборлоруна жогорку тактыктагы куралдар менен сокку урулганын билдирди.
Луганск аймагындагы Северодонецск, Боровское, Вороново жана Сиротино шаарларынын көзөмөлүнүн кечээ Луганск Элдик Республикасы деп аталган аймакка өткөнүн эске салган Конашенков, 145 чарчы километрдик бул аймакта болжол менен 108 миң киши жашаганын белгиледи.
Орусиянын Аскердик Аба жана Космос күчтөрүнүн Украинадагы Чернигив, Житомир жана Львов аймактарындагы аскердик машыгуу борборлоруна жогорку тактыктагы куралдар жана Калибр ракеталары менен сокку урганын белгилеген Конашенков, сокку уруулардын натыйжасында Жөө аскерлер жана аба мобилдик бригадаларынын согуштук жөндөмдүүлүктөрүн жоготконун жана согуштук аймакка өткөрүү үзгүлтүккө учураганын билдирди.
Орусиянын абадан согуштук тактикалык бөлүкчөлөрүнүн, ракеталык жана артиллериялык бөлүктөрдүн чабуулдарынын натыйжасында украин аскерлери жана техникалык унаалары менен 286 аймак, артиллериялык позициялары бар 62 аймак, Николаев облусунда 2 башкаруу борбору жана Луганскта 4 ок-дары кампалары жок кылынган айткан Конашенков, сокку уруулардын натыйжасында 720дан ашуун украин улутчул күчтөр зыянсыздандырылганын түшүндүрдү.
Конашенков украин армиясынын учактар жана көп стволдуу ракета аткычтар менен Жылан аралына дагы бир жолу ийгиликсиз чабуул жасаганын айтып: «Чабуулдун мизин майтаруунун жыйынтыгында «Панцир-С» абадан коргонуу ракеталык системасы менен Украинанын аба күчтөрүнө таандык Су-25 согуштук учагы жана 12 ракета абада атылды»,-деди.
Луганск, Херсон жана Харьков аймактарында 8 украин учкучсуз учуучу аппаратынын абадан коргонуу ракета системалары менен жок кылынганын белгилеген Конашенков, Миг-29 украин согуштук учагынын аба күрөшү учурунда Днепр аймагындагы Зеленодольск отурукташуу жеринде атып түшүрүлгөнүн билдирди.
Конашенков: «Украинада ушул убакка дейре 215 учак, 132 тик учак, 1363 учкучсуз учуучу аппарат, 350 абадан коргонуу ракеталык системасы, 3809 танк жана бронетехника, 682 көп стволдуу ракета аткычтар, 3012 атайын аскердик унаа жок кылынды»,-деп айтты.
Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков мурдараак Украинанын Луганск облусундагы Северодонецк шаарын өз көзөмөлүнө алышканын билдирген.
Конашенков Луганск Элдик Республикасы деп аталган аймактын аскерлери менен орус аскер бөлүктөрүнүн операцияларынын натыйжасында Северодонецк жана Боровское шаарлары, ошондой эле Луганск аймагындагы Вороново жана Сиротино конуштары көзөмөлгө алынганын билдирди.
Украина күчтөрүнүн Азот заводун каршылык борборуна айландыруу аракетинин алдын алынганын белгилеген Конашенков: «Северодонецк жана Боровское шаарлары бошотулгандан кийин Луганск Элдик Республикасынын чегиндеги Северский Донецтин (Донец дарыясы) бүткүл сол жээк аймагы толугу менен бул администрациянын көзөмөлүнө өттү»,-деп айтты.
Бир тараптан орус армиясы Украинанын борбор шаары Киевге ракеталык чабуул жасады.
Украинанын Өзгөчө кырдаалдар кызматынын маалыматы боюнча, Киевдин Шевченковский районундагы 9 кабаттуу турак үйдүн үстүнө орусиялык ракета түшүп, имараттын көпчүлүк кабаттары талкаланып, өрт чыккан.
Бул тууралуу Киевдин мэри Виталий Кличко билдирди.
Кличко:«Шевченковский районунда батирдин урандыларынын астынан 7 жаштагы кыз куткарылды. Ал тирүү. Учурда издөө-куткаруу топтору анын апасын сактап калууга аракет кылып жатышат»,-деди.