Россияда токой өрттөрү

Сибирде Алтай аймагында башталшан токой өрттөрү кыска убакытта кенен аянтка жайылды.

1848146
Россияда токой өрттөрү

Сибирде Алтай аймагында башталшан токой өрттөрү кыска убакытта кенен аянтка жайылды. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөнүн ар кайсы аймактарында башталган 354 өрттүн активдүү болгон 78ин өчүрүү иштеринин уланып жатканын билдирди.

Министрлик Алтай жана Иркутск аймактарындагы өрттүн жайылып бара жаткандыгын билдирди. 

Алгачкы белгилөөлөргө караганда Алтай аймагында 612 гектардык аянтта улантып жаткан өрт үчүн 250ге жакын  өрт өчүргүч тобу, 79 өрт өчүрүүчү унаа жана Бе-200 үлгүсүндөгү амфибиялык өрт өчүрүүчү учактар ​​катышууда. 

Өрттү өчүрүү үчүн жалпы өлкөдө 2 миң 500 кызматкер, 276 өрт өчүргүч унаа,  35 Бе-200 өрт өчүргүч учак жана Ми-8 өрт өчүрүүчү тик учак катышууда.

 

 



Тектеш кабарлар