БУУ : "Дүйнөдө журналисттердин коопсуздугу азайды"

Ирен Хан интернетте жана ачык аянттарда журналисттерге жасалган кол салуулар тууралуу маалымат берди.

1848004
БУУ :  "Дүйнөдө журналисттердин коопсуздугу азайды"

Бириккен Улуттар Уюму дүйнөдө басма сөз кызматкерлеринин коопсуздугу азайганын жарыялап, бул абал күндөн-күнгө кооптуу болуп баратканын белгиледи.  
БУУнун Адам укуктары кеңешинин 50-сессиясынын алкагында башкы ассамблеяда сөз сүйлөгөн БУУнун ой жана сөз эркиндиги боюнча атайын баяндамачысы Ирен Хан интернетте жана ачык аянттарда журналисттерге жасалган кол салуулар тууралуу маалымат берди. 

Хан кагылышуулар болгон аймактарда өз милдетин аткарган журналисттер тууралуу : "Журналисттерди өлтүрүү менен алардын оозун жабуу цензуранын эң начар түрү", - деди.

Интернет айдыңында журналисттерге карата  гендердик кол салуулар, санариптик аңдуу  журналисттердин коопсуздугу үчүн чоң коркунуч жараткандыгын баса белгилеген Хан  басма сөз эркиндиги жана журналисттердин коопсуздугу коркунучтуу түрдө азайып бара жаткандыгын айтты. 

Хан Адам укуктары боюнча кеңеш жана эл аралык коомчулукту жер-жерлерде жана онлайн режиминде медиа кызматкерлерине кол салууларды алдын алуу жана журналисттердин кол тийбестигин камсыз кылуу үчүн чараларды көрүүгө чакырды.


 



Тектеш кабарлар