Ливанда учурдагы премьер - министрге өкмөттү куруу милдети берилди

Ливандын президенти Мишель Авн 15 -  майда болгон жалпы шайлоодон кийин жаңы өкмөттү куруу милдетин учурдагы премьер  - министр Нежиб Микатиге берди.

1847645

Президент Авн Баабда сарайында жаңы кабинетти түзө турган ысымдын белгилениши үчүн парламенттеги саясий группалар менен жүргүзгөн кеңешүү жыйындарын өткөрдү.

Сүйлөшүүлөрдөн кийин президенттиктин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Микатинин жаңы өкмөттү куроо үчүн Баабда сарайына чакыртылганы билдирилди.

Ливанда 2005-2011-жылдардын арасында жана сентябрь айынан бери  премьер-министрлик кызматты аркалаган Микати Баабда президенттик сарайындагы сүйлөшүүгө катышкан 127 мүчөнүн 54нүн добушун алды.

Тектеш кабарлар