Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму маймыл чечеги жыйынын өткөрдү
Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун өзгөчө абалдар комитети маймыл чечегинин коркунучтуу жагын карап чыгуу үчүн кийинки күндөрдө дагы чогулат.

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму өткөн айдан бери маймыл чечеги вирусу эпидемиясынын глобалдык өзгөчө кырдаал деп жарыяланышы керекпи же жокпу талкуулоо үчүн биринчи жыйынын өткөрдү.
Уюмдан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун чукул абалдар комитетинин маймыл чечеги эпидемиясынын Эл аралык Элдин Саламаттыгы боюнча өзгөчө кырдаал категориясында каралышына карата сунуштарын кийинки күндөрдө Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун башкаруусуна билдирилери белгиленди.
Жыйындан кийин басма сөзгө маалымат берген Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун директору доктор Тедрос Адханом Гебрейесус ушул кезге чейин вирустун эндемикалык болгон Африка өлкөлөрү менен бирге 48 өлкөдө 3 миң 200дөн ашуун бейтаптын аныкталгандыгын, 2022 - жылдын башынан бери Борбордук Африкада вирустан улам 70ке жакын кишинин каза болгондугун айтты.
Гебрейесус Нигериядагы маймыл чечеги бейтаптарынын көпчүлүгүнүн аялдар экендигин баса белгиледи. Маймыл чечегинин эндемикалык болбогон бир нече өлкөдө биринчи жолу чыккандыгын эске салган Гебрейесус бул оорунун кандай жайылгандыгын билүүнүн абдан маанилүү экенин айтты.
Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун өзгөчө абалдар комитети маймыл чечегинин коркунучтуу жагын карап чыгуу үчүн кийинки күндөрдө дагы чогулат.