Зеленскийден колдоо өтүнүчү
Владимир Зеленский онлайн видеоконференция байланышы аркылуу Канададагы 11 башка университеттин студенттерине кайрылуу жасады.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусияга кысымдын улана бериши керектигин айтып: «Куралдарга, каржылык жана гуманитардык колдоого муктажбыз»,-деди.
Владимир Зеленский онлайн видеоконференция байланышы аркылуу Канададагы 11 башка университеттин студенттерине кайрылуу жасады.
Өлкөлөр менен коомчулуктун ортосундагы аралыктарды интернет аркылуу кыскартууга болорун белгилеген Зеленский: «Биз үчүн интернет куралдын бир түрү, анткени биз эмне болуп жатканын ушундайча көрсөтө алабыз. Маалымат кээде куралдын айрым түрлөрүнө караганда катуураак сокку урушу мүмкүн»,- деди.
Орусиянын 24-февралда баштаган баскынчылыгынан төрт ай өткөндөн кийин да өлкөсүнүн демократияга берилгендигин улантканын эске салган Владимир Зеленский: «Эркин жана демократиялык келечек үчүн биз бардык каршылыктарды жеңебиз»,-деп айтты.
Зеленский элин күрөшкө, эл аралык коомчулукту жардамды улантууга чакырып: «Куралдарга, каржылык жана гуманитардык колдоого муктажбыз»,-деди.
Тектеш кабарлар

Бельгияда маймыл чечеги оорусуна чалдыккандардын саны үч эсеге көбөйдү
Бельгияда маймыл чечеги оорусунун биринчи учуру 19-майда катталган.