Раиси-Лавров жолугушуусу

Ирандын расмий маалымат агенттиги ИРНАнын маалыматына караганда Ибрахим Райси расмий чакыруу менен борбор шаар Тегеранда болгон Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушту.

1847298
Раиси-Лавров жолугушуусу

Ирандын президенти Ибрахим Раиси менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты жана координацияны чыңдоону талкуулашты.

Ирандын расмий маалымат агенттиги ИРНАнын маалыматына караганда Ибрахим Райси расмий чакыруу менен борбор шаар Тегеранда болгон Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушту.

Раиси менен Лавров эки тараптуу карым-катнаштар менен бирге аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашышты.

Президент Раиси, өлкөсү менен Орусиянын ортосундагы сүйлөшүүлөр жана жолугушуулардын эки өлкөнүн жаңы стратегиялык кызматташтык мезгилин калыптандыруу боюнча олуттуу эрктерин көрсөткөнүн айтты.

Раиси: «Кызматташтыкты жана координацияны чыңдоо – Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) көз карандысыз өлкөлөргө каршы экономикалык санкцияларына жана бир тараптуулугуна каршы эффективдүү стратегия»,-деди.

Украинадагы акыркы абалдарга көңүлдөрдү бурган Раиси, согуштун тез арада бүтүшүнүн маанисине басым жасап, өлкөсүнүн дипломатиялык жол менен чечүүчү жол үчүн жардам берүүгө даяр экенин баса белгиледи.

НАТОнун Батыш Азия, Кавказ жана Борбор Азия сыяктуу дүйнөнүн ар кайсы аймактарында «экспансиялык саясатты» карманып жатканын белгилеп, ага каршы туруу керектигин айткан Раиси: «Бул кагылышуулардын пайда болушунда АКШ менен НАТОнун провокациялары роль ойногону шексиз»,-деди.

Орусиянын тышкы иштер министри Лавров да Тегеран-Москва кызматташтыгынын экономикалык тармак баш болгон түрдүү өлчөмдөрүн баалады. Лавров Орусиянын Иран менен кызматташуусун стратегиялык деңгээлге көтөрүүгө даяр экенин билдирди.

Ошондой эле Ирандын Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчөлүгүнө токтолгон орусиялык министр, өз өлкөсүнүн Ирандын аймактык жана эл аралык уюмдардагы ролун кеңейтүүсүн колдой турганын кайталады.



Тектеш кабарлар