БУУ мигранттарды коргогон ыктыярдуу мекемелердин кысым астында экендигин билдирди

БУУ Грецияга деңиз жолу аркылуу кирүүгө аракет кылып артка сүрүлгөн мигранттарды коргоо үчүн ыктыярдуу иш алып барган  мекемелердин кысым астында экендигин билдирди.

1847307
БУУ мигранттарды коргогон ыктыярдуу мекемелердин кысым астында экендигин билдирди

БУУ Грецияга деңиз жолу аркылуу кирүүгө аракет кылып артка сүрүлгөн мигранттарды коргоо үчүн ыктыярдуу иш алып барган  мекемелердин кысым астында экендигин билдирди.

Адам укуктарын коргоочулардын абалын изилдеген БУУнун атайын баяндамачысы Мэри Лоулор жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Грециянын мигранттарга карата саясатынын, адам укуктарын коргоочуларга көңүл бурбагандыгын баса белгиледи.

Мэри Лоулор грек өкмөтүнүн өлкөгө кабыл алынбаган же депортацияланган мигранттарга карата тилектештик көрсөткөн укук коргоочу топторго карата кысымына каршылык көрсөтүп : «Мигранттар менен тилектештик аракеттери кылмыш жана адам аткезчилиги менен бирдей деп каралууда. Өлкөдө баш калкалоочу жана мигранттардын укуктарын коргоочулар чоң кысым астында»,- деп билдирилди.

Грек өкмөтү өткөн жылы чыгарган жана «өлкөнүн жээктеринде калган мигранттарды куткарууга карата ыктыярдуу мекемелердин иштеринин чектелишине» карата мыйзамга токтолгон Лоулор  мунун жарандык коомдорго «кысымга алууч» таасир жараткандыгын баса белгиледи.

Лоулор Грециянын мигранттарды артка сүрүү жана мигрант укуктарын коргогон топторго чектөө киргизүүгө карата отчетту 2023 -  жылдын март айында БУУнун Адам укуктары кеңешине сунуштай тургандыгын жарыялады.

БУУнун Мигранттардын укуктары боюнча атайын баяндамачысы Фелипе Гонсалес Моралес шейшемби күнү жарыяланган отчетунда, Грециянын территориялык суулары аркылуу өлкөгө кирүүгө аракет кылган мигранттарды артка кайтаруу мамлекеттик саясат болгондугун билдирген.

БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарлыгынын маалыматына караганда, 2020-2021 - жылдар аралыгында Грециянын жээгинен 540ка жакын артка кайтаруу болуп, кеминде 17 миң мигрант Түркиянын аймактык сууларына күч менен сүрүлгөн.



Тектеш кабарлар