Босниялык серб лидери Додик: "Эрдоган Босния-Герцеговинанын ички ынтымагын колдойт"
Милорад Додик маалымат берди.
Босния-Герцеговинанын Президенттик кеңешинин серб мүчөсү Милорад Додик, президент Режеп Таййип Эрдогандын Босния-Герцеговинанын ички ынтымагын колдогонун билдирди.
Серб Республикасынын радио жана телекөрсөтүүсүнө (RTRS) маалымат берген Додик президент Эрдогандын Босния-Герцеговинадагы бардык тараптарга адилеттүү жана достук мамиле жасаганын жана өлкөсүндөгү ички ынтымакты колдогонун айтты.
Эрдогандын өлкөсүндөгү көйгөйлөргө сезимталдуу экенине көңүл бурган Додик, президент Эрдоганды Босния-Герцеговинанын Серб Республикасына караштуу Баня Лука шаарына чакырганын белгиледи.
Додик Серб Республикасынын бардык шарттарда өз кызыкчылыктарын коргоого даяр экенин да билдирди.
Тектеш кабарлар
Нигерияда СПИДден каза болгондор
СПИДдин дагы деле өлкөнүн эң олуттуу ден соолук көйгөйлөрүнүн бири экени айтылды.