Берлин эл аралык космостук жана авиациялык көргөзмөсү

Ковид-19 эпидемиясынан улам 2020-жылы өткөрүлбөй калган Берлин Эл аралык космос жана авиация көргөзмөсү (ILA Berlin) Германиянын борбор шаары Берлинде зыяратчыларга ачылды.

1847467
Берлин эл аралык космостук жана авиациялык көргөзмөсү
ila berlin fuari2.jpg
ila berlin fuari1.jpg
ila berlin fuari.jpg

Ковид-19 эпидемиясынан улам 2020-жылы өткөрүлбөй калган Берлин Эл аралык космос жана авиация көргөзмөсү (ILA Berlin) Германиянын борбор шаары Берлинде зыяратчыларга ачылды.

Messe Berlin тарабынан Берлин-Бранденбург аэропортундагы (BER) Берлин көргөзмө борборунда уюштурулган, 2 жылда бир өткөрүлүүчү жана көптөгөн өлкөлөрдөн авиация тармагынын өкүлдөрү катышкан ILA Berlin жарманкеси  4 жылдан кийин зыяратчыларын 26-июнга чейин тосуп алат.

Эпидемиядан улам 2020-жылы өткөрүлбөй калган ILA Berlin өз тармагында Европадагы эң чоңу болуп эсептелет. Быйыл жарманкеге 29 өлкөдөн 550гө жакын компания катышууда.

Туруктуулуктун, жаңы технологиялардын жана инновациялардын алдыңкы соода жарманкеси катары ILA Berlin эл аралык авиация тармагынын өкүлдөрү, саясатчылар, куралдуу күчтөр жана илимпоздор үчүн жолугушуу жери катары белгилүү.

Бул жылы  “Авиация”, “Космос”, “Коргоо жана коопсуздук”, “жабдуучулар” деген аталыштар менен өткөрүлгөн  ILA Berlinдин расмий ачылышын жасаган Германиянын канцлери Олаф Шольц “экологиялык трансформациянын” маанилүүлүгүн баса белгиледи.

«Негизги маселе – 200 жылга жакын убакыттан бери көмүр, мунай жана газ жагууга таянган экономикалык моделибизди планетабыздын келечегин камсыздай тургандай кылып кайра куруу», - деди Шольц.

Шольц андан кийин жарманкени кыдырып, Lockheed Martin тарабынан чыгарылган F-35 аскердик учактарынын көргөзмө аянтындагы жетекчилерден  маалымат алды.

Ошол эле учурда жарманкеде тик учактар, жүк ташуу жана аскердик учактар шоу учууларын аткарат.

Көргөзмөдө аскердик  учактар менен тик учактардан тышкары Airbus компаниясынын эки кабаттуу жүргүнчү учагы A380 жана жүк ташуучу Белуга учагы да орун алды.



Тектеш кабарлар