Шри-Ланканын өкмөт башчысы: «Өлкө экономикасы толугу менен кыйрады»

Премьер-министр Викремесингхе парламентте сүйлөгөн сөзүндө, Шри-Ланка күйүүчү май, газ, электр энергиясы жана тамак-аш тартыштыгынан тышкары олуттуу кырдаалга туш болгонун айтып: «Биздин экономика толугу менен кыйрады»,-деди.

1847003
Шри-Ланканын өкмөт башчысы: «Өлкө экономикасы толугу менен кыйрады»

Шри-Ланканын премьер-министри Ранил Викремесингхе бир нече айдан бери тарыхындагы эң оор кризисти башынан кечирип жаткан өлкөсүнүн экономикасынын кыйраганын жана мунай импорту үчүн да төлөй албай турганын жарыялады.

Премьер-министр Викремесингхе парламентте сүйлөгөн сөзүндө, Шри-Ланка күйүүчү май, газ, электр энергиясы жана тамак-аш тартыштыгынан тышкары олуттуу кырдаалга туш болгонун айтып: «Биздин экономика толугу менен кыйрады»,-деди.

Мунай импорту үчүн да төлөм жүргүзүлбөй турганын белгилеген Викремесингхе өкмөт кризисти артка кайтаруу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарып жибергенин айтты.

 

Шри-Ланкадагы кырдаал

 

Тарыхындагы эң чоң экономикалык кризиске дуушар болгон өлкөнүн эли март айынын аягында суткасына 13 саат электр энергиясы өчүрүлгөндөн кийин нааразылык акцияларын күчөттү.

9-майда премьер-министрдин кеңсесинин айланасына чогулган демонстранттар менен өкмөттү жактагандардын ортосунда кагылышуу болуп, борбор Коломбодо аскердик бөлүктөр кызматка чакырылды.

Оппозициянын кысымы күчөгөндөн кийин премьер-министр Махинда Раджапакса 9-майда кызматтан кетип, министрлер кабинети таркатылды.

Президент Готабая Раджапакса 12-майда мурда үч мөөнөткө премьер-министр болуп иштеген Ранил Викремингени премьер-министр кылып дайындады.

Зордук-зомбулуктан кийин бүткүл өлкө боюнча коменданттык саат жарыяланып, өкмөт нааразылык акциялары учурунда коомдук мүлккө же башкаларга зыян келтиргендердин бардыгын атып салууга буйрук берген.

Өлкөгө жайылган нааразылык акцияларында арасында бийликтеги партиянын депутаты жана 2 полиция кызматкери да болгон 8 киши каза болуп, 250 киши жараланды.

Учурда Шри-Ланкалыктар күйүүчү майдын жетишсиздиги, электр энергиясынын өчүрүлүшү жана азык-түлүк менен транспорттун кымбатташы менен күрөшүп жатышат.



Тектеш кабарлар