Орусияда согуштук учак кулап түштү

Пландалган машыгуу учуусун аткарып жаткан Су-25 үлгүсүндөгү согуштук учактын кулап түшкөнү белгиленди.

1846622
Орусияда согуштук учак кулап түштү

Орусиянын Ростов облусунда Су-25 согуштук учагынын кыйрашынан улам учкуч каза болду.

Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Түштүк Аскердик аймагынын басма сөз борборунан берилген маалыматта, пландалган машыгуу учуусун аткарып жаткан Су-25 үлгүсүндөгү согуштук учактын кулап түшкөнү белгиленди.

Билдирүүдө: "Учуу ок-дарысыз ишке ашты. Учак ээн жерге кулап түштү. Эч жерде кыйроолор болгон жок",-деп кабарланды. 

Биринчи маалыматка караганда учактын техникалык мүчүлүштүктөн улам кулаганы айтылса, Орусиянын Аскердик Аба жана Космос күчтөрүнөн түзүлгөн комиссиянын кырсык болгон жерде иликтөө иштерин жүргүзгөнү маалымдалды. 



Тектеш кабарлар