Ооганстандагы жер титирөө көп жерде сезилди

Жетекчилер жер титирөөдөн Пактика провинциясынын Гиян району жана Хост провинциясынын Спирей району эң көп зыян тартканын билдирди.

1846649
Ооганстандагы жер титирөө көп жерде сезилди

Ооганстандын Пактика провинциясында өткөн түнү болгон 5,9 баллдык жер титирөөдө каза болгондордун саны 1000ге жетти.

Жетекчилер жер титирөөдөн Пактика провинциясынын Гиян району жана Хост провинциясынын Спирей району эң көп зыян тартканын билдирди.

Ооганстандын мамлекеттик маалымат агенттиги катуу жер титирөөдөн кеминде 1000 адам каза таап, 1500дөй киши жаракат алганын кабарлады.

Апааттарды башкаруу боюнча мамлекеттик министрдин орун басары Мевлеви Шерафеттин Муслим өкмөттүн жер титирөөдө каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө 100 миң афгани (болжол менен 1100 доллар), жаракат алгандардын үй-бүлөлөрүнө 50 миң афгани жөлөк чул бере турганын айтты.

Жооптуу кызматкерлер издөө-куткаруу иштеринин уланып жатканын белгилеп, аймакка тик учактар ​​менен колдоо жөнөтүлгөнүн белгиледи.

Ошол эле учурда Пакистанда жайгашкан Geo News телеканалы Ооганстандагы жер титирөөдөн Пакистандын Лакки Марват аймагында бир кишинин каза болгонун жарыялады.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Геологиялык кызматы (USGS) мурда 6,1 деп жарыяланган жер титирөөнүн күчүн 5,9 баллга жаңыртты.

Жер титирөөнүн очогу Ооганстандын чыгышындагы Хост провинциясынан 46 чакырым түштүк-батышта, Пакистан чек арасында болгону айтылды.

Жергиликтүү убакыт боюнча саат 01:24тө болгон жер титирөө Пакистандын борбор шаары Исламабад жана Пешавар сыяктуу чек арага жакын шаарларда жана борбор калаа Кабул баш болгон калк жыш жайгашкан шаарларда сезилди.

Бир тараптан Ирандын түштүгүндөгү Хормузган провинциясынын Бендер Ленге районунда күчү 5,2 баллга жеткен жер титирөө болду.

Жергиликтүү убакыт боюнча саат 01:39да катталган жер титирөөнүн 10 чакырым тереңдикте болгону билдирилди.

Азырынча жер титирөөдө адам өмүрүнө жана мал-мүлктө жоготуулар болгон-болбогону тууралуу маалымат жок.



Тектеш кабарлар