Нигерияда уурдалган адамдар үчүн кун талап кылынды
19-июнь күнү Кажуру аймагындагы эки чиркөөгө куралчан адамдар тарабынан жасалган кол салууларда 3 киши каза болуп, 36 киши уурдалган.
Нигериянын Кадуна штатында 19 - июнда эки чиркөөгө жаслаган кол салууда уурдалган 36 адам үчүн кун талап кылынды.
Рубу жамааттарынын эмири Элиша Маринин айтымында 19 - июнда мотоциклчен куралдуу кишилердин штататын Кажуру аймагындагы эки чиркөөдөн уурдаган 36 кишинин эркин бошотуу үчүн 100 миллион Нигерия найрасы (болжол менен 4 миллион түрк лирасы) кун талап кылышкан.
Бир тараптан Кадуна мамлекеттик ички коопсуздук жана ички иштер комиссары Самуэль Аруван барымтадагыларды куткаруу үчүн аймакта операциялардын уланып жатканын билдирди.
19-июнь күнү Кажуру аймагындагы эки чиркөөгө куралчан адамдар тарабынан жасалган кол салууларда 3 киши каза болуп, 36 киши уурдалган.
Нигерияда адам уурдоо өлүм жазасы менен жазаланат, бирок кун үчүн адам уурдоо бат - бат болуп турат.
Өлкөдө күчөп бараткан коопсуздук маселелери менен күрөштүн алкагында кун төлөөгө тыюу салынган.
Тектеш кабарлар

Украинадан Ливан үчүн жолго чыккан биринчи кеме Сирияда
Украина данын ташыган биринчи жүк кемеси "Разони" Сирияга барды.