Евробиримдиктен Литвага колдоо

ЕБ комиссиясынын башкы катчысы Эрик Мамер Орусия менен Литванын ортосундагы Калининградга жүк ташуу маселесиндеги чыңалуу тууралуу социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасады.

1846999
Евробиримдиктен Литвага колдоо

Евробиримдик Орусиянын Калининград облусуна ар кандай жүктөрдүн транзитине тоскоол болгон Литвага колдоо көрсөттү.

ЕБ комиссиясынын башкы катчысы Эрик Мамер Орусия менен Литванын ортосундагы Калининградга жүк ташуу маселесиндеги чыңалуу тууралуу социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасады. 

Литва аркылуу Калининградга транзиттик өтүүгө байланыштуу комиссиянын көз карашынын ачык экенине көңүл бурган Мамер: "Литва Кеңеште бир добуштан кабыл алынган Евробиримдиктин Орусияга каршы чектөө чараларын ишке ашырууда", - деди.

Мамер ишке ашыруунун блокада эместигин, Калининградга эң керектүү товарларды жеткирүүгө тоскоолдук кылбаганын билдирди.

Болот жана курулуш материалдары сыяктуу кээ бир орус өнүмдөрүнүн экспортуна карата Европа Биримдигинин санкцияларынын күчүнө киргенин белгилеген Мамер: "Литва Евробиримдиктин аймагындагы авто жана темир жол өтмөктөрүндө кошумча көзөмөлдү ишке ашыруусу керек",-деп сереп салды.

Бул көзөмөлдөрдүн максаттуу, пропорционалдуу жана эффективдүү экенине көңүл бурган Мамер, көзөмөлдүн санкциялардан качуунун алдын алууну максат кылганын белгиледи.

Литва бийлиги менен тыгыз байланышта болгондорун белгилеген Мамер, керек болсо кошумча багыттарды бере тургандарын баса белгиледи.

Литва Евробиримдиктин санкциялык тизмесине кирген айрым товарларды өз аймагы аркылуу Калининградга өтүүгө тыюу салган.

Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев Орусиянын Литванын тыюу салуусуна мүмкүн болушунча тезирээк жооп берерин билдирген.

Орусия менен Калининград облусунун ортосундагы жалгыз темир жол Литванын аймагы аркылуу өтөт.

Калининград Литва менен Польшанын ортосунда жана Балтика деңизинин жээгинде жайгашкан Орусия менен кургактыктан байланышы жок орус аймагы болуп эсептелет. 



Тектеш кабарлар