Гутерреш Россия менен Литвага чакыруу салды

Россия менен Калининград аймагынын ортосундагы бир гана темир жол Литванын жерлеринен өтүүдө.

1846670
Гутерреш  Россия менен Литвага чакыруу салды

БУУнун башкы катчысы Антонио Гуттереш  Литванын Россиянын Калининград анклавына жүк ташууга киргизген чектөөлөрдүн негизинде тараптарды чыңалууну күчөтө турган аракеттерден жана сөздөрдөн алыс болууга чакырды. 

БУУнун баш катчысынын басма сөз катчысы Стефан Дужаррик БУУнун Нью  -  Йорктогу  штаб  - квартирасында  өткөргөн пресс  - жыйынында Гуттерештин Россия менен Литванын ортосунда Калининградга жүк ташуу тууралуу чыккан чыңалууну "тынчсыздануу менен байкап жаткандарын", тараптардын бул чыңалууну диалог жолу менен жана эл аралык мыйзамга ылайык карап чыгуулары керектиги тууралуу көз карашын билдирди. 

Дужаррик : "Катуу чыңалууга байланыштуу эскертүүлөр жана башка абалдарды жакындан байкап жатабыз. Бул олуттуу кооптонууну жаратууда. Чыңалууну күчөткөн ар кандай билдирүүлөр же аракеттерден да алыс болуу керек",- деди.

Литва Евро Биримдигинин  санкциялык тизмесине кирген кээ бир товарлардын Калининградга өз аймагы аркылуу өтүшүнө тыюу салып, Россиянын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Николай Патрушев  өлкөсүнүн Литва киргизген тыюу салууга мүмкүн  болушунча эртерээк жооп берерин билдирген.

Россия менен Калининград аймагынын ортосундагы бир гана темир жол Литванын жерлеринен өтүүдө. 

Калининград Россияга кургактыктан байланышы болбогон Литва менен Польшанын ортосунда жана Балтика деңизинин жээгинде жайгашкан орус территориясы. 

 

 



Тектеш кабарлар