Түштүк Корея "Түндүк Корея менен сүйлөшүүлөргө даярбыз"

Түштүк Кореянын Биригүү министри Квон Янг Се пресс-конференцияда Түндүк Корея жана Түштүк Корея карым-катнаштарын диалог баскычына алып чыгуу үчүн көп аракет кыла турганын айтты.

1846418
Түштүк Корея "Түндүк Корея менен сүйлөшүүлөргө даярбыз"

Түштүк Корея ар дайым Түндүк Корея менен  сүйлөшүүгө даяр экенин кайталады.

Йонхаптын кабарына караганда, Түштүк Кореянын Биригүү министри Квон Янг Се пресс-конференцияда Түндүк Корея жана Түштүк Корея карым-катнаштарын диалог баскычына алып чыгуу үчүн көп аракет кыла турганын айтты.

Квон түндүк кореялык кесиптеши Ри Сон Гвон менен "каалаган убакта, кандай жол менен болбосун" сүйлөшүүгө ачык экенин билдирди.

Түштүк Кореянын мурдагы президенти Мун Чжэ Ин февраль айында Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ынга диалогду сунуштаган, бирок Түндүк Корея бул сунушка жооп берген эмес.

3 жылдан бери өзөктүк сүйлөшүүлөргө катышпаган Түндүк Корея, АКШ менен Түштүк Кореянын 2021-жылдын август айында өткөргөн биргелешкен аскердик машыгуусун коркунуч катары кабылдап, акыркы убакта ракета сыноолорун арттырды.

Түндүк Корея 2021 -  жылы 15 -  сентябрда кыска аралыктуу баллистикалык, 2021 -  жылы 28 -  июлда Түндүк Кореянын Борбордук маалымат агенттигинин "жаңы өнүктүрүлгөн "жаңы иштелип чыккан гиперүндүү" деп аталган ракеталарын сынаган. 

Бир тараптан 2021 -  жылы 19 -  октябрда "суу түбүнөн учурулган жаңы баллистикалык ракета" сынаган аткраган Түндүк Корея эл аралык коомчулуктун каршы чыгуусуна туш болду. 

Түндүк Кореянын Тышкы иштер министрлиги сөз болуп жаткан ракета сыноолорунун "өзүн-өзү коргоо укугун мыйзамдуу түрдө ишке ашыруу" экенин билдирди.


 

 



Тектеш кабарлар