Сомалиден жардам чакырыгы

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Сомали координатору Адам Абделмоула да өлкөнүн тарыхындагы эң катуу кургакчылыкты башынан кечирип жатканын кабарлады.

1846176
Сомалиден жардам чакырыгы

Сомали президентинин кургакчылык менен күрөшүү боюнча атайын өкүлү Абдирахман Абдишакур Варсаме эл аралык коомчулукту өлкөдө уланып жаткан кургакчылыкка каршы күрөшүү үчүн тез арада жардам берүүгө чакырды.

Кургакчылыктан жапа чеккен аймактардын бири Гедолго жасаган сапары учурунда Варсаме өз өлкөсүнүн чукул жардамга муктаж экенин баса белгилеп: «Сомалинин өкмөтү жана эл аралык коомчулук кургакчылык менен күрөшүүдө бирге иштешип, андан жапа чеккендерге жардам бериши керек»,- деди.

Кургакчылыктын бүт өлкөгө терс таасирин тийгизгенин бирок коопсуздуктун себебинен үйлөрүн таштап кеткендердин бул абалдан көбүрөөк таасирленгенин белгилеген Варсаме, элге жардам берүү үчүн аракет кылып жаткандарын айтты.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Сомали координатору Адам Абделмоула да өлкөнүн тарыхындагы эң катуу кургакчылыкты башынан кечирип жатканын кабарлады.

Абделмоула, гуманитардык жардам берилбесе Сомалиде болгон кургакчылыктан улам көп кишинин өмүрүн жоготуу коркунучунда экенин баса белгиледи.

БУУнун маалыматына ылайык, 2020-жылдын аягынан бери мезгилдүү жаан-чачындар жетишсиз болгон Сомалиде миллиондогон адамдар чукул жардамга муктаж.

Сомали өкмөтү күчөгөн кургакчылыктан улам 23-ноябрда өлкө боюнча «өзгөчө абал» жарыялаган болчу.



Тектеш кабарлар