Израиль аскерлери эки палестиналыкты жаралады
Окуяга күбө болгондордун айтымында, Израилдин аскерлери менен Женин шаарынын Кабатия шаарчасын басып алган палестиналыктардын ортосунда кагылышуу чыкты.

Израиль армиясынын басып алган Батыш Шериада жүргүзгөн операциясында эки палестиналык жараланды.
Окуяга күбө болгондордун айтымында, Израилдин аскерлери менен Женин шаарынын Кабатия шаарчасын басып алган палестиналыктардын ортосунда кагылышуу чыкты.
Израил армиясы таш ыргыткан палестиналыктарды таратуу үчүн чыныгы ок жана көздөн жаш агызуучу газ колдонгон.
Палестиналык саламаттыкты сактоо булактары, Израиль аскерлери тарабынан чыныгы октор менен атылган эки палестиналыктын жаралангандыгын, ооруканада дарыланып жатканын билдирди.
Ошол эле учурда Палестинанын расмий кабар агенттиги WAFA, Израиль армиясынын Батыш Шериадагы Женин, Наблус, Рамалла жана Бетлехем шаарларында 19 палестиналыкты кармаганын жарыялады.
Тектеш кабарлар

Сауд Арабиядан умра чечими
Сауд Арабия туризм жана зыярат үчүн баргандардын умра кыла ала тургандарын жарыялады.