Германия Украинага берген аскердик жүктөрдүн тизмесин жарыялады

Хебестрейт бул колдоонун Украинанын муктаждыгы бүткөнгө чейин улана турганын баса белгиледи.

1846483
Германия Украинага берген аскердик жүктөрдүн тизмесин жарыялады

Германия өкмөтү Орусия-Украина согушу башталгандан кийин биринчи жолу Украинага берген аскердик жүктөрдүн тизмесин жарыялады.

Өкмөттүн басма сөз катчысы Штеффен Хебестрейт Орусиянын 2022-жылдын 24-февралында Украинага кол салуусун бурулуш учур деп сыпаттады жана Германиянын бир нече күндөн кийин Украинанын өзүн коргоо укугу жана коргонуу жөндөмдүүлүгү үчүн аскердик колдоо көрсөтүү чечимине келгенин билдирди.

Хебестрейт бул колдоонун Украинанын муктаждыгы бүткөнгө чейин улана турганын баса белгиледи.

Германия өкмөтүнүн азыр аскердик тармактагы колдоосун жарыялоо процедурасын Америка Кошмо Штаттары сыяктуу эң жакын союздаштардын практикасына ылайыкташтыруу чечимин чыгарганын белгилеген Хебестрейт, 2022-жылдын 21-июнунан тарта Германиянын өкмөтү тарабынан Украинага берилген жана бериле турган аскердик колдоонун www.bundesregierung.de/lieferungen-ukraine интернет баракчада орун алаарын белгиледи.

Хебестрейт ошондой эле бул тизме үзгүлтүксүз жаңыланып тураары тууралуу маалыматын бөлүштү.

Германия азырынча Украинага берген куралдарынын бир бөлүгүн жарыялады.

Тизмеде Германия Украинага 500 Стингер ракетасы, 100 миң кол гранатасы, 100 пулемёт, 16 миллион ок, 23 миң каска, 178 унаа, 1 көчмө оорукана жана 1200 оорулуу керебети сыяктуу түрдүү курал жана материалдарды жөнөттү.

Германия келечекте да Украинага бронетранспортерлер, каскалар, алыстан башкарылуучу мина тазалоочу машиналар, көп стволдуу ракета аткычтар, Гепард тибиндеги зениттик танк жана ок-дарылар, Iris-T абадан коргонуу системасы сыяктуу курал-жарак жана материалдарды берүүнү пландоодо.

Ушул убакка чейин бул тизме ачыкка чыга элек болчу.

Буга чейин немис өкмөтү да Украинаны жетиштүү курал менен камсыз кылбаганы үчүн сынга алынган.



Тектеш кабарлар