Орусия Украинанын жоготуулары тууралуу маалымат берди

Конашенков өз билдирүүсүндө орус аскер бөлүктөрүнүн Украинадагы согуштагы аракеттери тууралуу маалымат берди.

1845836
Орусия Украинанын жоготуулары тууралуу маалымат берди

Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков, Украинада ушул убакка чейин орус армиясы тарабынан 208 учак, 132 тик учак, 3 696 танк жана бронетехника жок кылынганын билдирди.

Конашенков өз билдирүүсүндө орус аскер бөлүктөрүнүн Украинадагы согуштагы аракеттери тууралуу маалымат берди.

Орус армиясынын Украинадагы чабуулунун уланып жатканын түшүндүргөн Конашенков Одесса аймагындагы Артсыз аскердик аба базасынын «Бастион» жээк ракета системасынан учурулган «Оникс» жогорку тактыктагы ракета менен аткылганын айтты.

Куртимовка, Очертино, Тоненкое, Сухая Балка, Новгородское Майоровка, Отрадовка жана Зайцево аймактарында бир күндө 11 «Град» көп стволдуу ракета аткычтар жок кылынганын маалымдаган Конашенков, Держинск, Новгородское, Николаевка, Ленинское жана Зайцевада 12 замбирекчи системасынын талкаланганын  билдирди.

Конашенков Подгорное конушуна жакын жерде 2 даана 155 миллиметрлик M777 гаубицасы атылганын маалымдады.

Орус абадан согушуу тактикалык бөлүктөрүнүн 47 аскерий аймакты бомбалаганын белгилеген Конашенков, Донецк аймагындагы Веселое, Приволье жана Богородичное конуштарына жакын жердеги аскердик бөлүктөр жана техникалык унаалар, Северскадагы Бук-М1 абадан коргонуу ракета системасы, Луганск облусундагы Новодруескага жакын жердеги С-300 абадан коргонуу ракетасын системанын радары талкаланганын айтты.

Ракета жана артиллериялык бөлүктөрдүн бир күндө 148 аскерий аймакка сокку урганын белгилеген Конашенков, бул кол салуулардын натыйжасында 450 украин улутчул күчүнүн таасирсиз абалга келгенин айтты.

Орус абадан коргонуу системаларынын Украина аба күчтөрүнө таандык Миг-29 согуштук учагын Днепр аймагындагы Апостолово отурукташуу жерине жакын жерде атып түшүргөнүн белгилеген Конашенков, Херсон, Луганск, Донецк жана Харьков аймактарында 9 украин учкучсуз учуучу аппаратынын абада атып түшүрүлгөнүн айтты.

Конашенков:«Учурда Украинага таандык 208 учак, 132 тик учак, 1260 учкучсуз учуучу аппарат, 345 абадан коргонуу ракеталык системасы, 3696 танк жана бронетехника, 576 көп стволдуу ракета аткычтар, 2055 гаубицалар жана минометтор, 3731 жеке аскердик техника жок кылынды»,-деп айтты.

Украин аскер бөлүктөрүнүн олуттуу жоготууга учураганын айткан Конашенков: «19-майдан бери кагылышууларда Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн 14-механикалаштырылган бригадасынан эле 2100дөн ашуун адам  каза болду жана жарадар болду. Бул жоготуулардын ордун толтурууну максат кылган 800 адам моралдык-психологиялык абалдын начардыгы, эмгек акы алуу проблемалары, алардын офицерлеринин паракорлугу жана компетентсиздиги боюнча айыптап кагылышуу болгон аянтка баруудан баш тартты. 10-Тоо-чабуулдук бригаданын 100 адамы командалык талаптарга массалык баш ийбегендиктен күжүрмөн кызматтан бошотулуп, тергөө үчүн Кременчук шаарына жеткирилди»,-деп айтты.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн 30-механикалаштырылган бригадасынын командирлеринин маанилүү бөлүгү өз бөлүктөрүн башкаруудан чыкканын жана согуштук милдеттерин аткаруудан качып кеткенин айткан Конашенков, көптөгөн украиналык аскер бөлүктөрүнүн офицерсиз калганын айтты.

 

 

 



Тектеш кабарлар