Орус армиясынын жоготуулары

Украинанын Башкы штабы билдирүү жасады.

1845705
Орус армиясынын жоготуулары

Украина 24-февралдан бери уланып жаткан согушта каза болгон орус аскерлеринин санынын 33 миң 800гө жеткенин жарыялады.

Украинанын Башкы штабынын билдирүүсүндө, Орусияга таандык 216 учак, 181 тик учак, 1477 танк, 3 миң 888 брондолгон унаа, 749 замбирек, 130 ракета, 238 ракета атуу системасы жана 98 абадан коргонуу системасы, 2 миң 527 унаа, 14 кеме жана 601 учкучсуз учуучу аппараттын жок кылынганы кабарланды.

Орусиянын Коргоо министрлигинин 25-марттагы билдирүүсүндө, Украинада 1351 орус аскеринин каза болгондугу белгиленген.

Украинанын Башкы штабынын берки билдирүүсүндө болсо, орус аскерлеринин Донецк багытындагы кол салууларынын Северодонецк жана Бахмут шаарларынын чек арасында тыгыздашканы маалымдалды.

Мындан тышкары Харьков шаары менен айланасында бомбалуу кол салуулардын күчөгөнү жана 5 деңиз ракетасынын Украинадагы буталарды атууга даяр экени билдирилди.



Тектеш кабарлар