Дүйнө жүзү боюнча 83 миллиондон ашык адам мажбурлап көчүрүлгөн

Качкындардын абалын эл аралык коомчулукка жакшыраак түшүндүрүү максатында 2001-жылдын 20-июну «Бүткүл дүйнөлүк качкындар күнү» деп жарыяланган.

1845368
Дүйнө жүзү боюнча 83 миллиондон ашык адам мажбурлап көчүрүлгөн

Дүйнө жүзү боюнча 89,3 миллион адам куугунтук, кагылышуу, зордук-зомбулук, адам укуктарынын бузулушу же коомдук тартипти олуттуу түрдө бузган окуялардан улам аргасыз жер которгон.

Качкындардын абалын эл аралык коомчулукка жакшыраак түшүндүрүү максатында 2001-жылдын 20-июну «Бүткүл дүйнөлүк качкындар күнү» деп жарыяланган.

Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку комиссарлыгынын (UNHCR) «Глобалдык тенденциялар баяндамасы 2021» маалыматына ылайык, дүйнөдө 10 жылдан бери аргасыз жер которуулар көбөйүүдө.

2021-жылдын аягында дүйнө жүзү боюнча мажбурлап жер которгон адамдардын жалпы саны 89,3 миллионду түзсө, БУУнун Качкындар боюнча комиссарлыгынын карамагындагы качкындардын дүйнөлүк саны 21,3 миллионго жеткен.

Алардын 53,2 миллиону ички жер которгондор болсо, 4,6 миллиону качкын жана 4,4 миллиону «жернен ажыраган венесуэлалык» катары катталган.

Ошол эле учурда, 2021-жылы 1,7 миллионго жакын адам коргоо издөө үчүн эл аралык чек араларды кесип өтүп, жалпысынан 14,4 миллион жаңы жер которуулар катталган.

24-февралда башталган жана дагы деле уланып жаткан Орусия-Украина согушунан улам Украинадан 6 миллиондон ашуун качкындардын кыймылы катталды.

Бул Экинчи Дүйнөлүк согуштан берки эң чоң мажбурлап көчүрүү кризистеринин бири жана эң тези катары тарыхта калды.

Акыркы 10 жылда чыр-чатакка кабылган өлкөлөрдүн саны эки эсеге көбөйсө да, аялдар менен балдар диспропорциялуу түрдө терең кагылышууларга жана дискриминацияга дуушар болушкан.

Төмөн жана орто кирешелүү өлкөлөр дүйнөдөгү качкындардын 83 пайызын кабыл алса, начар өнүккөн өлкөлөр 27 пайызына башпаанек берген.

Түркия болжол менен 3,8 миллион качкын менен эң көп качкынды кабыл алган өлкө болууну улантууда. Бул дүйнө жүзү боюнча чек аранын тышына көчүп кеткен адамдардын 15 пайызына туура келет.

Дүйнө жүзүндөгү качкындардын 27 пайызын түзгөн сириялык качкындардын төрттөн үчтөн көбүн коңшу өлкөлөр, анын ичинде Түркия, ошондой эле Ливан (840 миң  900) жана Иордания (673 миң) кабыл алган.

Дүйнөдөгү бардык качкындардын үчтөн экисинен ашыгы (69 пайызы) беш гана өлкөдөн келсе, булар Сирия (6,8 миллион), Венесуэла (4,6 миллион), Ооганстан (2,7 миллион), Түштүк Судан (2,4 миллион) жана Мьянмадан (1.2 миллион) турат.

Анткен менен дүйнө жүзү боюнча мажбурлап көчүрүлгөн адамдардын 41 пайызын балдар түзөт.



Тектеш кабарлар