Бангладешти сел каптады

Бангладештин табигый кырсыктарды башкаруу жана жардам министри Энамур Рахман: «Ушул убакка чейин өлкө боюнча 64 райондун 10у суу ташкынынан зыян тартты”,-деди.

1845390
Бангладешти сел каптады

Бангладеште нөшөрлөгөн жамгырдан улам келип чыккан селде каза болгондордун саны 27ге жетти.

Жетекчилер  27 кишинин каза болгонун, анын ичинде 17 киши чагылган түшүп, 5 киши сууга чөгүп, 4 киши жер көчкү жана 1 киши паромдун кулашынан каза болгонун билдирди.

Бангладештин табигый кырсыктарды башкаруу жана жардам министри Энамур Рахман: «Ушул убакка чейин өлкө боюнча 64 райондун 10у суу ташкынынан зыян тартты”,-деди.

Рахман түндүк-чыгыш Силхет жана Сунамганж аймактары 100 жылдан ашык тарыхында мынчалык чоң суу ташкынына кабылбаганын белгиледи.

Райондордо 5 миллиондон ашык адам суу ташкынынан жапа чексе, миңдеген адамдар камалып калган.

Маалыматка ылайык, аскерлер камалып калгандарды куткаруу иштерин жүргүзүп жатат.

Падма дарыясында катуу суу агымынан улам эки паром кагылышып, кеминде 10 киши жаракат алды.

Акыркы 15 жылда шаардын бийик аймактарындагы жер көчкүдөн 200дөн ашуун адам каза болгон.



Тектеш кабарлар