Украина - Россия сүйлөшүүлөрү
Украинанын сүйлөшүү делегациясынын төрагасы Давид Арахамиа өлкөсү менен Россиянын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн август айынын акырында кайрадан баштала аларын айтты.

Украинанын сүйлөшүү делегациясынын төрагасы Давид Арахамиа өлкөсү менен Россиянын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн август айынын акырында кайрадан баштала аларын айтты.
24 - февралдан бери болуп келе жаткан согуштун акырына чыгышы үчүн бир топ жолу түрдүү өлкөлөрдө жолугушкан Россия - Украина делегациялары узун убакыт сүйлөшүүлөрүн токтотту.
Украин делегациясынын башчысы Арахамия Украина менен Россиянын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн августтун аягында жанданышы мүмкүн экенин белгилеп : "Ачык булактардан көргөндөрү үчүн пландарыбызды орустар менен бөлүшүүнү каалабайбыз бирок белгилүү аймактарда каршы чаьуулга өтөрүбүздү ойлоп жатам",- деди.
Орус аскерлери 24-февралга чейинки өз позицияларына кайта турган болушса, Россия менен минималдуу келишим түзүлүшү мүмкүн экенин билдирген Арахамия: "Стамбулда сунушталгандай окшош бир саясий келишимди ойлоно алабыз. Мисалы Крым маселесине бир канча жыл токтолмок эмеспиз. Муну аскердик жол менен эмес, дипломатиялык жол менен жасамакпыз",- деди.
Украина президенттик аппаратынын кеңешчиси Михаил Подоляктын май айында жасаган билдирүүсүндө, Россия менен сүйлөшүүлөрдүн токтотулганы жарыяланган.
Бир тараптан Украинанын президенти Владимир Зеленский эки өлкөнүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн Россиянын абалынан улам ишке ашпагандыгын билдирген.
Тектеш кабарлар

БУУ :"Газада кол салуунун кайрадан башталышына тоскоол болуу керек"
БУУнун баш катчысы Антонио Гутерреш бул тууралуу Хтен маалымат берди.