Европа ядролук изилдөөлөр борбору Белорусь менен бирдикте иштешпөө чечимин кабыл алды

Европа ядролук изилдөөлөр борбору Украинага кол салган Россия жана кол салууларды колдогон Белорусь менен бирдикте иштешпөө чечимин кабыл алды.

1845165

Европа ядролук изилдөөлөр борборунан берилген маалыматта 208 -  Кеңеш жыйынында Россиянын Украинага кол салуулар жана Белорустун Россияга берген колдоосу айыпталып, бул кол салуулардын  олуттуу гуманитардык кризиске себеп болгондугу билдирилди. 

Маалыматта Кеңештин  Россия жана Белорусь менен 2024 -  жылга чейин жарактуу болгон  Эл аралык кызматташуу келишимдерин акырына чыгаргандыгын жарыялап : "Азыркы учурду иликтеп жаткан Кеңеш Украинадагы абалдарга байланыштуу башка чечимдерди чыгарууга даяр",- деп белгиледи.

Европа ядролук изилдөөлөр борбору өлкөлөр менен 5 жылдык мөөнөт менен кол койгон Эл аралык кызматташуу келишимдери тараптардан бирөөсү келишимдин  жоюлушуна байланыштуу билдирүү жибермейинче автоматтык түрдө  жаңыланат. 

Белорусь менен Европа ядролук изилдөөлөр борборунун ортосундагы келишимдин 2024 -  жыл июнь, Россия менен келишимдин 2024 -  жыл декабрь айында толушу күтүлүүдө. 

Тектеш кабарлар