Украинанын президенти Преспа диалог форумуна видеокайрылуу жиберди

Зеленский Европанын орус жаратылыш газынан көз карандысыз болушу керектигин жана Россия акча табуу үчүн колдонгон бардык байланыштарды үзүү керектигин айтты.

1844903
Украинанын президенти  Преспа диалог форумуна видеокайрылуу жиберди

Украинанын президенти Владимир Зеленский Европанын орус жаратылыш газынан көз карандысыз болушу жана Россиянын акча табуу үчүн колдонгон бардык байланыштарды үзүү керектигин белгиледи.

Владимир Зеленский Түндүк Македониянын тышкы иштер министрлиги тарабынан өлкөнүн түштүк  - батышындагы Охри шаарында өткөн Преспа диалог форумуна видеокайрылуу жөнөттү.

«Украинадагы согуштан кийин эмне болот?» деген темада жогорку деңгээлдеги сессияда  билдирүүсүн бөлүшкөн Зеленский Россияга каршы киргизилген санкциялардын бүтүндөй Европанын жыргалчылыгы үчүн зарыл экенин белгиледи.

Зеленский Европанын орус жаратылыш газынан көз карандысыз болушу керектигин жана Россия акча табуу үчүн колдонгон бардык байланыштарды үзүү керектигин айтты.

Зеленский Батыш Балкан өлкөлөрүнө Украинага көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Россиянын көптөгөн жылдардан бери ишенимдүү энергетика булагы катары таасир жараткандыгын белгилеген Украинанын лидери : «Бирок чындыгында түрдүү Европа өлкөлөрүн өзүнө көз каранды абалга алып келди. Эми болсо Россиянын Европа өлкөлөрүн басып алуу үчүн согушууга чечим чыгарып, биринчи болуп бул энергетика чынжырын колдонду»,- деди.

Россиянын Украинанын портторун блокадага алуусу жана анын агро өнөр жай инфраструктурасына кол салуулары дүйнөлүк азык-түлүк рыногунун маанилүү аймактык сегменттеринде тартыштыкка алып келгенин белгилеген Зеленский: «Украина дандары глобалдык азык  - түлүктүн туруктуулугу үчүн керектүү»,- деди.

Украина лидери Россиянын муну Европа өлкөлөрүн бутага ала турган жаңы миграция кризисине жол ача турган глобалдык ачарчылыкка себеп болуу үчүн жасагандыгын айтты.

Преспа диалог форуму 18 -  июнда аяктайт.



Тектеш кабарлар