Дүйнөлүк банктан Сомалиге жардам

Кургакчылык жана экономикалык көйгөйлөр менен күрөшүп жаткан Сомалиге Дүйнөлүк банктын 100 миллион долларлык кредиттик колдоо көрсөтө турганы билдирилди.

1844811
Дүйнөлүк банктан Сомалиге жардам

Кургакчылык жана экономикалык көйгөйлөр менен күрөшүп жаткан Сомалиге Дүйнөлүк банктын 100 миллион долларлык кредиттик колдоо көрсөтө турганы билдирилди.

Дүйнөлүк банктын Сомали директору Кристина Свенссон борбор шаар Могадишодо Сомалинин президенти Хасан Шейх Махмуд менен жолугушкандан кийин жасаган билдирүүсүндө кредиттик колдоосуна байланыштуу маалымат берди.

Свенссон Дүйнөлүк банктын Сомалиге 100 миллион долларлык кредиттик колдоо көрсөтүү чечимин чыгарганын, бир жыл ичинде берилиши пландалган кредиттик колдоосунун өкмөттүн артыкчылыктары үчүн колдонула турганын белгиледи.

Дүйнөлүк банк 2020-жылы Сомалиге 55 миллион доллар колдоо көрсөткөн.

1990-жылдан бери Сомали климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу суу ташкындары жана кургакчылык сыяктуу 30дан ашык табигый кырсыктарды башынан өткөрдү.

Сомали өкмөтү 23-ноябрда күчөгөн кургакчылыктан улам өлкө боюнча "өзгөчө абал" жарыялаган.

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму  өлкөдөгү гуманитардык кризис үчүн эл аралык коомчулукка тез жардам көрсөтүүгө чакырган. 

 



Тектеш кабарлар