Словакия Украинага тик учак жана снаряддарды берди

Министр Над Орусиянын агрессиясына каршы бардык демократиялык өлкөлөр Украинаны колдоо керек деп билдирди.

1844507
Словакия Украинага тик учак жана снаряддарды берди

Словакиянын коргоо министри Ярослав Над Украинага советтик MI сериясындагы 5 согуштук тик учак жана алар менен шайкеш келген 1000 снаряд берилгенин маалымдады.

Над социалдык медиа баракчасы Твиттердеги билдирүүсүндө, MI сериясындагы 5 тик учак менен 1000 ракетанын Украина армиясына коопсуз жеткирилгенин кабарлады. 

Министр Над Орусиянын агрессиясына каршы бардык демократиялык өлкөлөр Украинаны колдоо керек деп билдирди.

Буга чейин Украинага ар түрдүү курал-жарак жардамын көрсөткөн Словакия, Киев башкаруусуна S-300 абадан коргонуу системасын да берген.

Орус аскерлери 24-февралда Орусияга чабуул баштаган болчу. 



Тектеш кабарлар