Ханс Клуге Европадагы маймыл чечеги эпидемиясында акыркы абалга баа берди

Европа маймыл чечеги вирусунун очогу болууну улантууда.

1844236
Ханс Клуге Европадагы маймыл чечеги эпидемиясында акыркы абалга баа берди

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун Европа боюнча директору доктор Ханс Клуге Европанын өткөн айдан бери жалпы дүйнөдө жайылган  маймыл чечеги вирусунун  очогу болууну улантып жаткандыгын белгиледи. Пресс  - жыйында сөз сүйлөгөн Ханс Клуге Европадагы маймыл чечеги эпидемиясында акыркы абалга баа берди.

Клуге  вирустун жалпы континентте 25 өлкөдө жайылгандыгын белгилеп ушул кезге чейин ырасталган 1600дөн ашуун бейтаптан 85нин Европада экендигин, бул континенттин вирустун очогу болууну улантып жаткандыгын айтты.

Вирустун жайылышы эми коркунуч  алып келе баштагандыгын баса белгилеген Клуге Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун чукул абалдар комитетинин бул маселени талкулоо үчүн 23 -  июнда чогуларын маалымдады. Ханс Клуге : «Вирус узакка созулган сайын  коркунуч да ошончолук чоң болот жана эндемикалык болбогон өлкөлөрдө да ошончолук күчөйт»,- деди.

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмуна мүчө өлкөлөргө маймыл чечеги эпидемиясын көзөмөлгө алуу үчүн чукул чараларды көрүүгө чакырган Клуге : «Маймыл чечеги Батыш жана Борбордук Африкада көп жылдар бою эндемикалык абалда болгон жана дүйнө бул вирусту эске алган эмес. Вирустун азыр Европада жана башка континенттерде жайылышы, аймактык маселелердин  дүйнөнү канчалык тез  каптай турганы боюнча чындыкты бизге көрсөтүүдө»,- деди.

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунан кечээ билдирилген маалыматта маймыл чечегинин эндемикалык эмес 39 өлкөдө жалпы 1600дөн ашуун бейтапта бар экендиги белгиленди.



Тектеш кабарлар