Игорь Конашенков Украинанын жоготуулары тууралуу билдирди

Конашенков орус аба бөлүктөрүнүн 57 аскердик аймакты аткылагандыгын белгилеп, 3 башкаруу борбору, Суми аймагында Бук – М1 абадан коргонуу системасы менен Харьков жакындарында бронетранспортерлерди оңдогон бир пункттун аткыланганын айтты.

1844577
Игорь Конашенков Украинанын жоготуулары тууралуу билдирди

Россиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков Украинага тиешелүү 204 учак, 131 тик учак, 3569 танк жана бронетранспортерлердин жок кылынганын билдирди.

Конашенков 24-февралда Украинада башталган согушта орус аскердик бөлүктөрүнүн аракеттери тууралуу маалымат берди.

Украинадагы буталарды абадан атуучу ракеталар менен атышкандарын белгилеген Конашенков бул кол салуулардын натыйжасында 2 башкаруу борбору, Харьков аймагындагы бир электрондук согуш станциясы, Точка-У баллистикалык ракета аткычы жана «Ураган» көп стволдуу ракета аткычтын жок кылынганын айтты.

Конашенков орус аба бөлүктөрүнүн 57 аскердик аймакты аткылагандыгын белгилеп, 3 башкаруу борбору, Суми аймагында Бук – М1 абадан коргонуу системасы менен Харьков жакындарында бронетранспортерлерди оңдогон бир пункттун аткыланганын айтты.

Абадан кол салуулардын натыйжасында 280ден ашуун украин улутчул күчтөрүнүн таасирсиз абалга келтирилгендигин белгилеген Конашенков Харьков аймагында Украинага таандык  Су-25 согуштук учагынын атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Конашенков Харьков жана Луганск аймактарында түрдүү жерлерде Украинанын 7 учкучсуз учуучу аппаратынын атылгандыгын маалымдады.

Орус ракета жана артиллериялык бөлүктөрүнүн бир күндүн ичинде Украинага таандык 195 аскердик аймак, 34 көзөмөлдөө борбору менен 42 артиллериялык бөлүгүн аткылагандыгын билдирген Конашенков бул кол салуулардын натыйжасында 200дөн ашуун украиналык улутчул күчтүн таасирсиз абалга келтирилгендигин айтты.

Катчы : «24 -  февралдан бери Украинага таандык 204 учак, 131 тик учак, 1218 учкучсуз учуучу аппарат, 340 абадан коргонуу ракеталык комплекси, 3569 танк жана бронетехника, 526 көп стволдуу ракета аткычтар, 1968 гаубица жана минометтор, 3647 аскердик техника, жок кылынды»,- деди.



Тектеш кабарлар