АКШ Украинага 1 миллиард долларлык жаңы коопсуздук жардам берет

Жо Байден 24 -  февралдан бери Россия менен Украинанын ортосунда болуп келе жаткан  согушта Украинага 1 миллиард долларлык жаңы коопсуздук жардам беришерин жарыялады.

1844189
АКШ Украинага 1 миллиард долларлык жаңы коопсуздук жардам берет

АКШнын президенти Жо Байден 24 -  февралдан бери Россия менен Украинанын ортосунда болуп келе жаткан  согушта Украинага 1 миллиард долларлык жаңы коопсуздук жардам беришерин жарыялады.

Жо Байден жазуу түрүндө берген маалыматында Украинанын президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөндүгүн жана Россия менен улантылып жаткан согуш тууралуу сүйлөшкөндөрүн билдирди.

Сүйлөшүүдө АКШнын Украинага жардамдарынын  улантыларын белгилеген Байден : «Зеленскийге АКШнын Украинага 1 миллиард доллар коопсуздук жардам берери тууралуу маалымат бердим. Бул жардамдардын арасында оор куралдар, жээк коргонуу куралдары менен Украинанын Донбасстагы коргонуу операциялары үчүн зарыл болгон заманбап ракеталык системалары да орун алат»,- деди.  

Сүйлөшүүдө АКШнын согуштан жапа чеккен украиналыктарга карата жардам убадасын да кайталагандыгын белгилеген Байден : «Өзгөчө Украинанын ичиндеги адамдарга жардам берүү үчүн 225  миллион долларлык кошумча гуманитардык жардам берилерин жарыялаймын. Мунун ичинде ичүүгө боло турган суу, медициналык муктаждыктар, азык  - түлүк, баш калкалоочу жай жана накталай акчаны камтыйт»,- деди.



Тектеш кабарлар