Украина Орусиянын Северодонецк жана Тошковец шаарларындагы чабуулдарынын мизин майтарды

Украинанын Башкы штабынын билдирүүсүндө Орусия менен 24-февралдан бери уланып жаткан согуштун акыркы абалы тууралуу маалымат берилди.

1843927
Украина Орусиянын Северодонецк жана Тошковец шаарларындагы чабуулдарынын мизин майтарды
Rusya Ukrayna Savaşı3.jpg
ukrayna rusya.jpg

 

Украина Орусиянын Северодонецк жана Тошковец шаарларындагы чабуулдарынын мизин майтарганын, аймакта кагылышуулар уланып жатканын билдирди.

Украинанын Башкы штабынын билдирүүсүндө Орусия менен 24-февралдан бери уланып жаткан согуштун акыркы абалы тууралуу маалымат берилди.

Билдирүүдө орус армиясынын Суми аймагындагы Сопич, Барановка, Уланове жана Бачивск калктуу конуштарындагы жарандык инфраструктурага кол салууларды жасап, украин аскерлеринин Харьков багытында чек арага карай илгерилешине тоскоол болууга аракет кылганы белгиленди. Рубижне отурукташуу жеринде кагылышуулардын уланганы баса белгиленди.

Билдирүүдө төмөнкүдөй маалыматтар камтылган: «Славянск шаарына каршы чабуулун улантуу аракетин күчөткөн орустар Шевелевка, Винополье, Грушуваха, Нова Павливка кыштактарына артиллериялык чабуулга өтүштү. Биздин жоокерлер Богородичне жана Долина конуштарындагы чабуулдарды ийгиликтүү кайтарышты. Душман Краснопилля багытында чабуулду улантууда. Бул жерде кагылышуу уланууда».

Орус күчтөрүнүн Северодонецк багытында украин аскерлеринин турумдарына чабуул жасаганы белгиленген билдирүүдө, «Украина аскерлери Северодонецк жана Тошковец шаарларында орусиялык чабуулдардын мизин майтарууда. Бул жерде кагылышуулар уланууда»,делди.

Билдирүүдө украин армиясынын Новопавловск жана Бахмут шаарларындагы чабуулдардын мизин майтарып, орус күчтөрүн мурдагы позицияларына кайтууга мажбур кылганы билдирилди. Орус армиясынын жоготууларын улантканы белгиленген билдирүүдө төмөнкүлөр белгиленди: «Украинанын куралдуу күчтөрү акыркы 24 саатта орус армиясынын 250 аскерин, 6 танкын, 25 бронетехникасын, артиллериялык жана ракета аткыч системаларын, тик учактарын жана 3 учкучсуз учуучу аппаратын жок кылды. Жалпысынан 32 750 орус аскери набыт болду».

Орусиянын Коргоо министрлигинин 25-марттагы билдирүүсүндө Украинада 1351 орус аскеринин каза болгондугу жарыяланган.



Тектеш кабарлар