Столтенберг: «Түркиянын тынчсыздануусун олуттуу кабыл алышыбыз керек»

Столтенберг менен НАТОго мүчө 7 өлкөнүн премьер-министрлери биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүштү.

1843665
Столтенберг: «Түркиянын тынчсыздануусун олуттуу кабыл алышыбыз керек»

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг президент Режеп Таййип Эрдогандын НАТОго мүчө болууга умтулган өлкөлөргө байланыштуу тынчсыздануусун олуттуу кабыл алуулары керектигин, анткени Түркиянын чындап эле олуттуу террор коркунучтары алдында турганын белгиледи.

Столтенберг 29-30-июнь күндөрү Испанияда боло турган НАТО саммитине даярдык көрүү максатында Нидерландиянын Гаага шаарында Нидерландиянын премьер-министри Марк Рютте жана Даниянын премьер-министри Метте Фредериксен тарабынан уюштурулган жумушчу кечки тамакка катышты.

Кечки тамакка Румыниянын премьер-министри Клаус Йоханнис, Бельгиянын премьер-министри Александр де Кроу, Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецки, Португалиянын премьер-министри Антонио Коста жана Латвиянын премьер-министри Крисянис Каринс да катышты.

Андан соң Столтенберг менен НАТОго мүчө 7 өлкөнүн премьер-министрлери биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүштү.

Финляндия жана Швецияга жаңы аяктаган сапарларынын оң болгонун белгилеген Столтенберг, Түркиянын жикчил террор уюму ПКК менен күрөшүүсү баш болгон тынчсызданууларды чечүү үчүн эки өлкөнүн аракетин кубаттаганын айтты.

«Биз президент Эрдоган айткан кооптонууну олуттуу кабыл алышыбыз керек, анткени Түркия чындап эле олуттуу террордук коркунучтарга туш болууда»,-деп айткан Столтенберг: «Түркия сыяктуу маанилүү шериктештин кооптонуусу болсо, отуруп сүйлөшүү менен чечим табылат»,-деди.

Нидерландиянын премьер-министри Рютте да айдын аягында Испаниянын борбор шаары Мадридде өткөрүлө турган НАТО саммитине чейин жана андан кийин чечүүчү жол табуу үчүн аракет кыла тургандарын белгилеп, Түркиянын тынчсызданууларынын жоюлуп, Финляндия жана Швециянын акыры НАТОго мучө болооруна ишенгендигин билдирди.



Тектеш кабарлар