Нигерияда маймыл чечеги оорусуна чалдыккандардын саны көбөйдү

Вирустун 1-12-июнь күндөрү борбор шаар Абуджа менен бирге 15 аймакка жайылып кеткени белгиленди.

1843936
Нигерияда маймыл чечеги оорусуна чалдыккандардын саны көбөйдү

Нигерияда маймыл чечеги вирусуна чалдыккандардын саны 32ге жетти.

Нигериянын Ооруларды көзөмөлдөө борборунун (NCDC) билдирүүсүндө, вирустун 1-12-июнь күндөрү борбор шаар Абуджа менен бирге 15 аймакка жайылып кеткени белгиленди.

Бул мезгилде 141 тест жасалып, 32 адамда маймыл чечеги вирусу табылды.

Жетекчилер коомчулукту эпидемиядан этият болууга чакырышты.

Эндемикалык вирус себеп болгон сейрек оорулардын бири болгон маймыл чечеги Конго жана Батыш Африка түрү болуп 2ге бөлүнөт.

Көбүнчө жаныбардан адамга, кээде адамдан адамга жугуучу вирус дене табын көтөрүп, кычыштырган ыйлаакчаларды пайда кылат.



Тектеш кабарлар