ДССУ: "Маймыл чечеги вирусунун аталышы өзгөртүлөт"

ДССУ маймыл чечек вирусунун атын өзгөртүү үчүн дүйнө жүзүндөгү өнөктөштөр жана адистер менен иштеп жатат.

1843710
ДССУ: "Маймыл чечеги вирусунун аталышы өзгөртүлөт"

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) расизмди жана бөлүүчүлүктү пайда кылуу коркунучунан улам дүйнө жүзү боюнча жайылып жаткан маймыл чечеги вирусунун атын расмий түрдө өзгөртөөрүн жарыялады.

ДССУнун башкы директору Тедрос Аданом Гебреисус, ДССУнун маймыл чечек вирусунун атын өзгөртүү үчүн дүйнө жүзүндөгү өнөктөштөр жана адистер менен иштеп жатканын жана уюмдун мүмкүн болушунча тез арада жаңы ысымдар тууралуу билдирүү жасай турганын жарыялады.

Өткөн аптада 30дан ашык эл аралык окумуштуулар маймыл чечеги оорусунун аталышы "басмырлоочу жана бөлүүчү" экенин жана тез арада атын өзгөртүү керек деп айткандан кийин ДССУ атын өзгөртүү боюнча чечимин жарыялады.

Окумуштуулардын өкүлү оорулардын аталыштарынын географиялык аймактардан жана жаныбарлардын аттарынан алыс болушу керектигин билдирип: "Бул вирустун африкалык деп тынымсыз аталышы туура эмес, ал басмырлоочу жана бөлүүчү",-деди.



Тектеш кабарлар